Жарандык активисттер Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин сынга алышты

Бүгүн, 12-июндагы маалымат жыйынында “Жаңы муундун коалициясы” уюмунун өкүлү Тимур Саралаев: “Эгер КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов коомчулуктун астында 2013-2014-жылдары кылган иши боюнча отчёт бербесе, ал орунун бошотсун”,- деп билдирди .

Анын айтымында, аталган министрлик мамлекеттик саясатты жүргүзгөндүн ордуна чет өлкөлүк жарандар үчүн квоталар маселесин гана карап жатат. “Эгер бир нече жыл мурун чет өлкөлүктөргө квоталардын саны 100 миңден ашпаса, 2014-жылы бул көрсөткүч 13 миңге жакын болууда. Бул расмий көрсөткүчтөр, бирок чыныгы санды эч ким билбейт”,- деди ал.

Мындан тышкары активист 2015-жылга квоталардын санын 70 пайызга кесүүнү талап кылды. “Жогорку Кеңеш Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин ишмердүүлүгүнө баа бериши керек”,- деп кошумчалады Саралаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан