Бишкекте жарандарда 16 миңден ашык ок атуучу курал бар

Бишкек шаарынын аймагында 60 кароол-күзөт кызматында 942 ок атуучу курал бар. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Бишкек ШИИББинин маалымат жыйынында белгилүү болду.
Учурда борбор калаа боюнча 13 585 жаран лицензиялык уруксат берүүчү системинде каттоодо турса, аталган жарандарда 16 451 ок атуучу курал бар экени маалым. Булардын ичинде 4850 газ-травматикалык ок атуучу курал бар.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын ИИББинин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын лицензиялык уруксат берүү ишмердигинин негизги максаты жарандарга берилген куралдарды каттоого алуу жана аны колдонуудагы эрежелердин сакталышына көзөмөл кылуу болуп эсептелет. Учурда Бишкек ШИИББинде жарандардагы куралдарды каттоо жүрүп жатканы белгилүү болду. Каттоонун жүрүшүндө ар бир куралдардын идентификациялык белгилери сакталып, көзөмөлгө алынат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан