Жалал-Абадда “Погончон айым” сынагы өттү

Жалал-Абаддагы Барпы атындагы театрда 14-июнда Жалал-Абад облусунун күч түзүмдөрүнөн жана укук коргоо органдарынан 6 кыз катышкан «Погончон айым» кароо-сынагынын 1-этабы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган сынакка Жалал-Абад аскер комиссариатынан Төлөнбаева Айжамал,  

Улуттук гвардиядан Ыдырыс кызы Мээрим, Таш-Көмүр шаарындагы аскер бөлүгүнөн Чыйбылова Асел, Майлы-Сай аскер бөлүгүнөн Азатова Нургүл, Жалал-Абад шаардык №10-түзөтүү колониясынан Разакулова Зарина, Жалал-Абад ОИИБинен Шабданалиева Алтынай катышышып, берилген 5 тапшырма боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү. 

Натыйжада атайын калыстар тобунун чечими менен Жалал-Абад ОИИБинин Токтогул РИИБинин тергөөчүсү,   милициянын ага лейтенанты Шабданалиева Алтынай баш байгени утту. Ага таажы кийгизилип, диплом жана  баалуу белектер берилип, ушул жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында республикалык деңгээлде өтө турган «Погончон айым» кароо-сынагынын финалдык этабына жолдомо алды.

Ошондой эле аталган кароо-сынакка КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 30 миң сом акчалай сыйлык тапшырышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан