Алай районунун борборунда суу чарба кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда райадминистрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, майрамдык салтанат концерттик программа менен башталып, бир катар кызматкерлер жетишкен ийгиликтери үчүн Айыл чарба министрлигинин жана облустук, райондук администрациялардын Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Ага райондун акими Таалайбек Сарыбашов, Алай райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Кыдырбай Мөнөкбаев жетектеген жамаат жана жергиликтүү тургундар катышты.
Анда Алай райондук администрациясынын акими Таалайбек Сарыбашов суу өмүр булагы экендигин эске салып, сугат суу дыйканчылыкта дайыма түрдүү кыйынчылыктар менен келгенин, аны жеңип чыгууда өзгөчө күнү-түнү талбаган эмгек талап кылынарын айтып, эмгек жамаатты куттуктап өттү.