Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстан менен Бажы биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосундагы бажы чек араларында бажылык тариздөө болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда КРнын Экономика министри Темир Сариев билдирди.
“Бажы биримдигине киргенде Кыргызстан менен Бажы биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосунда бажы чек араларындагы бажылык тариздөө болбойт. Буга байланыштуу экспорттун көбөйүшү күтүлүүдө. Эң биринчиден, айыл чарба продукциялары (мөмө-жемиш жана жашылчалар, мал чарба продукциялары жана сүт азыктары) текстиль-тигүү продукцияларын экспорттоо жогорулайт”,- дейт Т.Сариев.
Маалыматка ылайык, учурда өлкө аймагынан Орусияга мөмө-жемиш, жашылчалардын 36 пайызы, пахта буласы 64,3 пайыз, айнек 42 пайыз, электр машиналары жана аппараттар 28,5 пайыз, чыңалуу лампалары 26 пайыз, радиаторлор 35 пайызды түзүүдө. Ал эми Казакстанга 100 пайыз электр энергиясы, 85 пайыз сүт азыктары, 45 пайыз жашылчалар жана мөмө-жемиштери, 73 пайыз тирүү мал жандыгы, 96 пайыз тигилген буюмдар жана 52 пайыз айнек экспорттолууда. Ошондой эле өлкө аймагынан Беларуска 59 пайыз радиаторлор экспорттолуп жатат.