"Форд" компаниясы кетчуп чыгаруучу "Heinz" ишканасы менен биргеликте помидордон унаа жасап чыгаруу алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, "Форд" компаниясы помидордун кетчуп чыгаргандан кийин калган калдыгынан, тагыраак айтканда, анын кабыгынан унаалардын желимден жасалуучу тетиктерин иштеп чыгарат.
"Помидордун кабыгынан биз унаалардын ички тетиктерин, капоттун астындагы жана кузовдун ичиндеги тетиктерин жасоону пландап жатабыз. Бул нефть калдыктарын иштеп чыгарууга караганда алда канча жеңил жана экологияга көп зыян келтирбейт. Унаанын салмагы да жеңил болот",- дейт "Форд" компаниясынын илимий адиси Эллен Ли.
Кошумчалай кетсек, бул компания эки жылдан бери желимди иштеп чыгуу боюнча "Heinz", "Coca-Cola", "Nike" жана "Procter&Gamble" компаниялары менен чогуу иш алып барып келет. Учурда компаниянын адистери помидордун кабыгынан гана эмес, жаңгактын, каакымдын тамырынан да желим иштеп чыгуунун үстүндө иш алып барышууда.