Жалал-Абаддын "Эркиндик" аянтындагы туунун айрылып калгандыгы тууралуу маалымат тараган эле. Бүгүн, 16-июнда шаардык мэрия жыртылып калган желектин алмаштырылгандыгы боюнча маалымат таратты. Белгилүү болгондой, 15-июнда болуп өткөн катуу шамалдан улам туу айрылып калган. Бүгүн эртең менен анын жаңылангандыгы маалым болду.