Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы ТИКА башкармалыгы тарабынан “Эл аралык полиция кызматташтыгы тармагында билим берүү” долбоорунун негизинде күч органдарынын кызматкерлерине бир жумалык курс уюштурулган.
Түркиянын полиция кызматкерлери “Топтошкон көтөрүлүш жана тартипсиздиктердин алдын алуу” темасында лекция окушту. Курстун жыйынтыктоо бөлүгүндө кызматкерлер үйрөнгөн кыймылдарды практика жүзүндө кайталашты.