Чүй облусунун Москва району боюнча 2014-жылкы ажылык сапарына баруучуларды чүчү кулак аркылуу тандап алуу боюнча жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйылкы жылы Кыргызстан боюнча 8000ден ашык адам ажылык сапарга катталышкан. Москва районунда ажылык сапарына баруучулар Садовое айыл өкмөтүнөн 31 орунга 17 адам жана Александровка айыл өкмөтүнөн 33 орунга 88 адам документтерин тапшырышкан. Ошол сепептүү аталган айыл өкмөттөрүндө чүчү кулак өткөрүлдү.