Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагында 15-июнь түнү сел жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, катуу жааган жамгырдын кесепетинен
тоодо сел жүрүп, ички Шиве каналынын 50 метр бөлүгүн алып кеткен. Учурда аталган
аймакта тазалоо иштери жүрүп жатат.