Баткендин Лейлек районунда маданият кызматкерлеринин республикалык семинары өттү

Баткендин Лейлек районунда маданият кызматкерлеринин республикалык семинары өттү. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда райадминистрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага маданият жана туризм министри Камила Талиева жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Ошондой эле элет жериндеги маданиятты көтөрүү жана өз ара тажрыйба алмашуу максатында өлкөнүн бардык облустарынан өкүлдөр катышты. 

“Биз, маданият кызматкерлери, Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында эмне иштерди аткардык, айыл маданиятын кантип көтөрөбүз, ачык сүйлөштүк. Арасында ачуу чындык менен бири-бирибизге сын сунуштар да айтылды. Эми бул тармакты жакшыртуу боюнча иш тажрыйбаларды алмашып, бирдиктүү иш алып барабыз”,- деди Камила Талиева. 

Маданият үйлөрү, китепкана, музейлер жакшы жасалгасы менен гана айырмаланбастан, айыл калкынын көңүлүн өзүнө бурган массалык иш-чаралар менен коштолушу керектиги тууралуу да түшүндүрмө берилди. Ошону менен катар айрым жерлерде айыл өкмөттөрү маданият кызматкерлерин чабарман катары пайдаланышкандыктарын, клубдар менен китепканалардын кулпуланып калгандары бар экени тууралуу маселе каралды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан