Исхак Раззаков атындагы фонд жана окуу жай эстелик тургузуу максатында марафон өткөрөт

Бишкекте эртең, 18-июнда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети Исхак Раззаков фонду менен биргеликте И.Раззаковдун эстелигин тургузуу максатында марафон өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл күзүндө окуу жайдын 60 жылдык мааракесине карата И.Раззаковдун эстелиги орнотулмакчы. Эстеликти тургузууга жалпысынан 1 миллион 400 миң сом каражат сарпталат. 

Аталган окуу жайдын андай чоң суммадагы каражаты жок болгондуктан, алар марафон өткөрүп каражат топтоону чечишти. Иш-чарага ар бир каалоочу катыша алат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2014-06-17 10:26:12
realliver - 10 күнгө БАН!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан