Ош шаарында кыздарга жана аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча долбоор ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор аялдардын активдүү катышуусунда эл аралык макулдашууну, тынчтык жана коопсуздукту чыңдоого багытталган.
Аталган долбоор Ош шаарынын мэриясы “Демократиялык процесстерди изилдөө борбору” коомдук уюму менен бирге Сулайман тоо аймактык кеңешинин аймагындагы БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын техникалык колдоосу менен пилоттук долбоор катары ишке ашууда.
“Аталган долбоордун жыйынтыгында зордуктоо, эрте күйөөгө берүү, ала качуу, үй-бүлөдө зордук-зомбулук көрсөтүү сыяктуу кыздарга жана аялдарга күч колдонуунун алдын алуу үчүн ар кандай мамлекеттик, муниципалдык жана бейөкмөт мекемелердин ведомстволор аралык кызматташуу системи түзүлмөкчү”,- дейт “Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун” Оштогу филиалынын жетекчиси Таалайгүл Исакунова.
Жетекчинин айтымында, расмий жана расмий эмес булактардын билдирүүсүндө, акыркы жылдарда аялдарга карата жогоруда белгиленген зордук-зомбулуктар күчөгөн. Ошондой эле ала качуу, эрте күйөөгө берүүнүн натыйжасында өзүнө өзү кол салгандар көбөйгөн жана өзгөчө 2010-жылдагы Июнь окуясынан кийин мындай көрүнүш көп болгон. КРнын ИИМине үй-бүлөдө аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүү боюнча 3 миңге жакын арыз түшкөн.