Ош. Казакстанда өткөн форумда Каныбек Исаков «Ийгиликтүү университет окутуучунун көзү менен» аттуу темада баяндама жасады

ОшМУнун ректору Астана шаарындагы Назарбаев университетинде өткөн жогорку билим берүүнүн лидерлеринин Евразия форумуна катышып келди. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Анда ОшМУнун ректору Каныбек Исаков «Ийгиликтүү университет окутуучунун көзү менен» деген темада панелдик сессияда университетти өнүктүрүүнүн перспективалары жөнүндө ОшМУнун мисалында баяндама жасады.

Ошону менен катар дүйнөдөгү уникалдуу Назарбаев университетинин иштөө системи, модели, өзгөчөлүктөрү менен таанышып, университеттер аралык өз ара кызматташуунун жолдору тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан