КРнын Акыйкатчысы Бакыт Аманбаев 18-20-июнь күндөрү Азербайжанда өтүүчү эл аралык конференцияга катышып, Кыргызстандагы аялдардын укуктарын коргоодогу иш-аракеттер тууралуу айтып берет. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Б.Аманбаев Азербайжандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Сулейманованын чакыруусу менен Баку шаарына иш сапарга жөнөп кетти.
Акыйкатчы иш сапарынын алкагында XII эл аралык Баку конференциясынын ишине катышмакчы. Аталган конференция “Улуттук укук коргоо мекемелеринин аялдардын укуктарын камсыздоодогу ролу” аталышында өтөт.
Аталган иш-чара Азербайжан Республикасынын Улуттук укук коргоо күнүнө, Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдарга карата кодулоонун бардык түрлөрүнүн алдын алуу тууралуу конвенциясынын (CEDAW) 35 жылдыгына жана Пекин декларациясынын жана аракеттер платформасынын 20 жылдыгына карата уюштурулууда.