Маалыматка ылайык, Чүй облусу боюнча бир орунга 1,2 адам туура келип, 250 киши ашык жазылгандыктан чүчү кулак өткөрүлгөн.
Анын натыйжасында:
Токмок шаарында чүчү кулактан уткандардын саны - 46 киши;
Кант шаарынын Новопокровка айыл өкмөтүнөн - 20 адам;
Кант шаарынын Милянфан айыл өкмөтүнөн - 12 адам;
Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнөн - 16 адам;
Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнөн баруучулардын саны 10 адамды түзүүдө.
“Түркия жана Малайзия мамлекеттери ажылыкты коррупциясыз, эң жакшы өткөргөндүктөн, ошолордун тажрыйбасын колдонуп, мамлекетибиздин эң акыркы статистикасын алып, буга чейин түзүлгөн комиссиянын жардамы менен орундарды аймактарга таратканбыз. Шек-күмөн болбосун, каалагандар жазылды, андыктан Алла Таала чакырган барат”,- дейт республикалык штабдын башчысы Замир кары Ракиев.