Жайкы эс алуу сезонуна карата Караколдун милиция кызматкерлери көл жээктерин көзөмөлдөшөт

Жайкы эс алуу сезонуна карата Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кайгуул-күзөт кызматкерлери көл жээгинде көзөмөл жүргүзүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жайкы эс алуу учурунда Каракол шаардык кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери кум жээктеги коомдук тартипти сактоо боюнча иш алып барышмакчы. Алар эс алуучулардын коопсуздугун сактоо боюнча, уурулук менен алектенгендер, чөнтөкчүлөр, кайырчылык кылган өспүрүмдөр менен иш жүргүзүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан