Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев Июнь окуясында курман болгондордун балдарына жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына белек тапшырат

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Июнь окуясында курман болгон жарандардын балдарын жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын белек менен сыйлайт. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, 18-июнда 1-Июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата жана Ош коогалаңында жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү максатында «Бала тилеги» аттуу иш-чара өткөрүлөт. Анда 1-июндан тартып ушул күнгө чейин Жаштар иштери боюнча комитети балдар үйлөрүндөгү өспүрүмдөрдөн жана Июнь окуясында жабыркаган балдардан келип түшкөн каттардын негизинде белектерди таратмакчы. Анда велосипед, китеп, уюлдук телефон, китеп кап сыяктуу өздөрүнө керектүү буюмдарды сурашкан.

Иш-чаранын максаты - балдар үйлөрүндөгү тарбиялануучулар менен коомчулуктагы балдардын ортосундагы достук мамилени чыңдоо жана руханий, моралдык жактан жардам көрсөтүү.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aida2013
2014-06-18 02:06:35
иш чара го болгону жакшы дечи бирок ал кундорду эстегенибиз ото жаман мындай коогаландуу окуялар болбосун эч качан!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан