Нарын шаарында бүгүн, 17-июнда өкмөттүн облустук өкүлчүлүгүндө облустун туристтик картасын түзүү боюнча жыйын болуп өттү. Ага ылайык, картаны ушул жылы чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйынга Кыргыз шырдагы, Кымыз фестивалдарын өткөрө турган ишкерлер да катышты. Анда жергиликтүү аймакта туристтерди тосуп жатышкан жаратылыш жерлери, тарыхый аймактары менен эс алуу жайларынын абалдары талкууланды. Аны менен бирге жакында боло турган Ат-Башы районундагы Кыргыз шырдагы фестивалына кызуу даярдыктар болуп жатканы белгилүү болду.
Жыйынга өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова жана Нарын, Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунун администрацияларынын орун басарлары катышты.