Буга чейин ханзаада Уильям менен анын келинчеги Кейт Миддлтон аларга кызмат кылгандардын санын азайтууну көздөп келишкен эле. Бирок ага карабай Кенсингтон сарайында дагы бир кызматчы пайда болду. Офицер чининдеги бул жан сакчы айым эми Кейттин юбкасын кайтармакчы. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Эске салсак, кайсы бир расмий иш сапарда Кейттин юбкасынын этеги шамалга көтөрүлүп, анын ич кийими көрүнүп калган эле. Аны тартып алган папарациичилер немис журналына берип салышкан. Ушундан кийин Улуу Британиянын канайымы Елизавета II келининин мындай жагымсыз окуяга туш болбошунун алдын алып, ага атайын жардамчы кошуп берди.