"Бажы биримдигине кирүү менен товарларга болгон баалар 15-20 пайызга жогорулашы мүмкүн" дейт экономика министри

Кыргызстандын Улуттук банкынын эсептөөлөрү боюнча, товарларга болгон баалар жалпысынан 15-20 пайызга жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, 16-июнда басма сөз жыйынында КРнын Экономика министри Темир Сариев билдирди.

Маалыматка ылайык, Бажы биримдигине кирүү менен оң өзгөрүүлөргө ээ болот. Сатып өткөрүүчү рыноктору кеңейип, чек арага жакын жерлердеги соода жүгүртүмү жакшырат. Ошондой эле экономиканын экспортко багытталган секторлорунун атаандаштык жөндөмдүүлүгү өнүгүп, анда жаңы жумуш ордулары пайда болот. “Бажы биримдигине кирүү менен айлык акыларды, социалдык төлөмдөрдү көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө оң таасирин тийгизет. Бажы союзунун өлкөлөрүнүн Кыргызстанга зарыл болгон товарларды, күйүүчү-майлоочу майларды, азык-түлүк, жыгач, металл сыяктуу нерселерди импорттоосунда тоскоолдуктар жоюлат”,- дейт Т.Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aimeerimka
2014-06-17 17:36:35
Саламатсызбы Админ КР эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин адресин калтырып койо аласыздарбы, Ош шаарына кайрылуу керекби, же Бишкек шаарынабы. Мумкун болсо кочолордун аталышынан бери жазып койунуздарчы.
0
tairermatov
2014-06-17 17:49:18
Баары кымбаттаса 3000 пенсия алган, мага окшогон басалбаган майып адамдар кантип жашайбыз?
0
aida2013
2014-06-18 01:59:08
азырынча ар несени айтып журокту оорутпай туралы эмне болгонун келечек озу корсотот ........
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан