Бишкекте суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштери аяктады. 19-июндан тартып ысык суу бериле баштайт

Бишкекте суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштери аяктады. 19-июндан тартып ысык суу бериле баштайт. Биринчи Октябрь районундагы керектөөчүлөргө ысык суу берилет. Суу токтотулгандан бери "Бишкек жылуулук тармактары" бир катар түтүктөрдө оңдоо иштерин жүргүзгөн. 
Кыймылдаткыч, жылуулук кармоочу түтүктөр сыяктуу тетиктер алмаштырылды. 12-июндан баштап түтүктөргө суу толтурулуп, текшерүүдөн өттү. 16-18-июнь күндөрү бир катар тажрыйбалар жүргүзүлүп, суу толтурулат. 
Суу ысыганда 18-19-июнь күндөрү ысык суу бериле баштайт. Буга байланыштуу "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасы тургундарга кайрылып, суу ысыткычтарды өчүрүүгө жана жабдууларды кайрадан текшерип чыгууга чакырат. Бул тууралуу 17-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан