Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Чуңкур жайлоосунда балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда райадминистрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда күнүнө 4 саат кыргыздын каада-салтын, окуганды үйрөтүү менен катар мектепте өтүлгөн темалар кайталанууда. Ага 4 жаштан 10 жашка чейинки 30га жакын бала барууда.
Белгилей кетсек, бул демилгени "Роза Отунбаеванын демилгелери" фондунун мүчөлөрү колдоп, керектүү китептерди жеткирип беришкен.