Бишкектеги Саламаттыкты сактоо департаменти "Тез жардам" унааларын сатып алууга тендер өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Сатып алуу бүгүн, 18-июнга саат 14:00гө белгиленген. Буга чейин комиссия санитардык унаалардын көлөмүн жана мүнөздөмөсүн иштеп чыккан.
Белгилей кетсек, 13 "Тез жардам" унаасын жана сүт ташууга 2 унаа сатып алганга бюджеттен 15 миллион сом бөлүнгөн.