Москвада Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиевдин “Манас айтуу” поэтикалык китеби орус тилинде жарык көрдү

Москвада КРнын Эл жазуучусу Мар Байжиевдин “Манас айтуу” поэтикалык котормо китеби жарык көрдү. Бул тууралуу “Кыргызстандын жаңы адабияты” электрондук китепканасынын башкы редактору Олег Бондаренко бүгүн, 1-июлда билдирет.

Анын айтымында, ал китеп кыргыз элинин үчилтиги - “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору камтылган.

Ошондой эле Грузиянын Тбилиси шаарында да кыргыз жазуучусунун чыгармасы грузиялык поэтесса Маквала Гоношвили тарабынан которулууда. Мар Байжиевдин китебин грузин тилине которуу боюнча өткөрүлгөн конференцияда "Манас" эпосу - кыргыз элинин сыймыгы" деп айтылган.

Ал эми Бакуда эпос азербайжан тилине которулуп жатат. Айрым бөлүктөрү гезиттерге чыгарылган. Аны которуп жаткан белгилүү акын, манас таануучу Азим Камиль: “Орус тилинде берилген поэтикалык котормодо Мар Байжиев Манастын духун, образдуу колоритти ачык сүрөттөгөн жана кыргыз тилинин өзгөчөлүгүн аздектеп сактоого умтулган”,- деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан