Бишкекте “Ак илбирстин изи менен” аттуу фотокөргөзмө өтөт

10-июлда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде экологиялык акциянын алкагында “Ак илбирстин изи менен” аттуу фотокөргөзмө өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Көргөзмөгө Кыргызстандын аймагында 2014-жылы кышында ак илбирстин жашаган жерин изилдөөгө алган эки экспедицияда Фотожурналисттер союзунун мүчөлөрү тарткан 100дөн ашуун эмгек коюлат.

Иш-чаранын максаты - ак илбирсти коргоого коомчулуктун көңүлүн буруу жана жаратылышка аяр мамиле жасоо сезимин ойготуу.  

Мындан тышкары белгилүү сүрөтчү Руслан Валитовдун экологиялык темага арналган автордук иллюстрациялары жана карикатуралары көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан