Орусияда “Москва сулуусу-2014” сынагынын жеңүүчүсү Ирина Алексееваны интернет колдонуучулары "түрү суук" деп талкууга алышты. Өткөн аптада өткөн сынакта Москванын эң сулуу кызын Михаил Жванецкий, Филипп Киркоров, Павел Буре, Александр Овечкин, Владимир Винокур, Сергей Зверев, Валентин Юдашкин, Лев Лещенко жана Аркадий Укупник аныкташкан.
Калыстар тобунун чечимине интернеттеги социалдык түйүндүн көптөгөн колдонуучулары макул болушкан жок. Алар жыйынтык чыгарылган соң аны "түрү суук" деп айтышууда. Ошондой эле анын келбетин орусиялык футболчу Александр Кокоринге окшоштуруп, түрдүү сын-пикирлерди билдиришип, сынакка жеңүүчүгө караганда татыктуу сулуу кыздар катышканын белгилешкен. Аталган сынактын уюштуруучулары "бул сындар Ирина Алексееванын популярдуулугун арттырып жатат" деп билдиришкен.
"Москва сулуусу-2014" сынагынын жеңүүчүсү Ирина Алексеева дүйнөлүк көркөм маданиятка кызыгарын айтып келет. Профессионалдуу акробатика менен машыгат, ошондой эле «Щелкунчик» элдик бий театрынын солисти катары таанымал.