Америкалык чачтарач Роб Феррел (Rob the Original каймана аты менен таанымал) өзүн чыныгы сүрөтчү катары даңазалады. Ал аталган кесип чыгармачылыкты жана бийик көркөмдүүлүктү талап кыларын көрсөттү. Белгилүү болгондой, Роб Феррел кайчы жана түстүү лак гана колдонуп белгилүү адамдардын жүздөрүн, персонаждарды, картиналарды өзүнүн кардарларынын башына укмуштуудай кылып тартып чыгууда. Сүрөтчүнүн эмгектери тууралуу 7-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.