Ырчы Гүлзада Рыскулова Астанада өткөрүлгөн фестивалга катышты

Этнорок жанрында ырдаган ырчы Гүлзада Рыскулова Казакстандын Астана шаарынын 16 жылдыгына карата өткөрүлгөн фестивалга катышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда ырчы SUPER.KG порталына билдирди.

Ырчынын айтымында, фестивалга түрк тилдүү өнөрпоздор катышып, Астана шаарынын туулган күнү чоң салтанат менен майрамдалган. Бул иш-чарада патриоттук ырларды катыра аткарган ырчы айым “Курманбек”, “Толгонуу” ырларын тартуулаган.

“Учурда Астана шаарынан кайтып келе жатабыз. Фестиваль 3 күнгө созулду. Аталган фестивалга биринчи жолу катыштым. Эл жакшы кабыл алды”,- дейт Гүлзада Рыскулова

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан