Асел Кадырбекова: "Тасмада эрке кыздын образын жаратып жатам"

Назик үндүү ырчы Асел Кадырбекова тасмага тартылып, анда эрке кыздын образын жаратып жатканын бүгүн, 7-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

Белгилей кетсек, ырчы тасмада биринчи жолу роль жаратып жатат.

“Өзүмдү сынап көрөйүн деп тасмага тартылдым. Фильмде бай ата-эненин эрке кызынын ролун аткардым. Менин каарманым кийим-кечекти абдан жакшы көргөн, аны жашоосунда биринчи орунга койгон кыз. Ар бир кыз кийимди жакшы көрөт эмеспи. Мен дагы алардын катарындамын. Ошондуктан бул жагынан ал кыз мага окшошуп кетет экен. Тасмага тартылуу мага жакты. Эми бул жаатта да иш алып барып, ар кандай адамдардын образын жараткым келет”,- дейт Асел Кадырбекова.

Кошумчалай кетсек, ырчы Нурлан Насип, Самат Эркинбеков менен бирге жакында Орусияда концерт коюп келишкен. Бул тууралуу ырчы: “Мен биринчи жолу алыска концерт коюп бардым. Мекендештербиз ырга суусап калышыптыр, эл көп келип, бизди жакшы кабыл алышты. Мени ал жактагылар тааныбайт го деп ойлоп жүрчүмүн. Бирок мени таанышат экен. Бул мен үчүн кубанычтуу болду”,- деп билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
meerim8793
2014-07-07 16:32:41
Ммм
0
Мэри
2014-07-07 16:38:58
Кынык алып калган экен да )))
0
elvira1980
2014-07-07 18:02:45
Азаматсын алга жыла бер сенден умутторубуз чон!
0
Ananasky
2014-07-07 18:32:42
Коргомун Домодедова аэропортунда журушконун , ийгилик .
0
depu
2014-07-07 18:42:07
Киного тартылыш клиптей эмес. Озуну сынагандай. Кинону жалпы эл корот,жаш кары дебей. Ырчылар ушуну качан тушуносунор. Биринчи ырынарды жакшы ырдап алгыла,озунорду сынаганча.
+1
arishka
2014-07-07 19:40:55
Алинанын ыры бул кызга анча жараша берген эмес
0
romashkakg
2014-07-07 23:43:47
Азамат кыз экен
0
fea1990
2014-07-08 00:51:54
киного тартылбаган сен калдын еле.
0
Tynchy28
2014-07-11 20:19:23
ырчылар ырдаганды билгилечи. Кино 3муноттук ыр эмес,90минуталык эстетикалык тарбия.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан