Эрнест Абдыжапаров жеке жашоосу тууралуу тасма тартууда

Белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаров өзүнүн жеке жашоосун чагылдырган тасманы тартуу иштерине киришти. Бул тууралуу режиссёр SUPER.KG порталына бүгүн, 8-июлда билдирди. 

Эрнест Абдыжапаров"Бул тасманы автобиографиялык тасма десем болот. Мен да кичине кезимде кекеч болчумун. Мына ушул өзүмдүн башымдан өткөн окуяны фильм аркылуу көрсөтөйүн деп чечтим",- дейт.

Тасма балдар үйүндө тарбияланган бир туугандар Бакыт жана Нурактын жашоосу, жашоодо тандап алган жолдору тууралуу болот. Консерваторияда билим алган Нурак кекеч болот. Нурактын сүйүүсүнө анын кекечтиги тоскоолдук кылат. 

Тасмада Элина Абай кызы, Нурак Өмүрбеков, Жаныш Майрамбек уулу, Кайрат Мусаев, Алтынбек Шатенов, Айнура Чанчарбаева, Рахат Божокоева жана башкалар роль жаратышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aza.kg007
2014-07-09 01:15:24
Ойуна эмне келсе эле тарта берет экенда сапату элге жакан тасма ото аз
0
new_hacker
2016-06-21 18:14:15
кт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан