Кыргызстанда кол өнөрчүлөрдүн "Оймо-2014" 9-эл аралык фестивалы өткөрүлөт

25-июлдан 3-августка чейин кол өнөрчүлөрдүн "Оймо-2014" 9-эл аралык фестивалы өткөрүлөт. 2006-жылдан бери уюштурулуп келаткан фестиваль Бишкекте башталып, Ысык-Көлдө улантылат. Бул тууралуу 8-июлда фестивалдын уюштуруучулары SUPER.KG порталына билдиришти.

Иш-чаранын максаты - Кыргызстандагы кол өнөрчүлөр базарын өнүктүрүү, улуттук каада-салтты улантуу, маданий мурасты сактоо, ошондой эле өлкөнүн бермети болгон Ысык-Көлдүн аймагын экологиялык жактан таза, эл аралык маданий туризмге айландыруу.

Фестивалга ар кайсы өлкөлөрдөн 120дан ашуун кол өнөрчүлөр келишип, өзүлөрүнүн продукцияларын жарманкеге коюшат. Анын алкагында аймактын мыкты кол өнөрчүлөрү балдарга жана чоңдорго мастер-класс көрсөтүшөт, дизайнерлер этникалык стилдеги кийимдерди тартуулашат, жаш сүрөтчүлөр жана акындар арасында сынактар өткөрүлөт, жаштар көркөм жана экологиялык акцияларды уюштурушат. 

Фестиваль "CACSARC-kg" кол өнөрчүлөрдү колдоо борбору тарабынан уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан