2014-жылдын 16-20-июлуна белгиленген популярдуу музыка аткаруучулар арасындагы “Мейкин Азия” фестивалы өткөрүлбөй калды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Улуттук маданий борборунун жетекчиси Рыскул Боронбаев 9-июлда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын билдирүүсүнө караганда, бул эл аралык фестиваль каражаттын жоктугунан келерки жылга жылдырылды.
"Бардык каражаттар Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюнуна которулганына байланыштуу фестивалдын каражат жагы чечилбей калды. Ушундан улам бул фестивалды 2 жылда бир уюштуралы деп чечтик",-дейт Рыскул Боронбаев.
Кошумчалай кетсек, “Мейкин Азия” Эл аралык фестивалы Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда өткөрүлүп келген. Фестивалдын негизги максаты - чыгармачылык диалог аркылуу дүйнөлүк маданий мурастарды сактоо, жаш, таланттуу аткаруучуларды аныктоо жана колдоо, Кыргызстандын эл аралык туризм индустриясын өнүктүрүү.