Венгриялык режиссёр Марта Месарош Кыргызстанда энеси тууралуу тасма тартууда

Венгриялык режиссёр Марта Месарош Кыргызстанда «Менин апамдын жүзү» аттуу энеси тууралуу тасма тартууда. Бул тууралуу Кинематография өнүктүрүү фонду 9-июлда билдирди. Белгилей кетсек, Марта Месарош Кыргыз ССРинин белгилүү айкелчиси Ласло Месароштун кызы.

Белгилүү болгондой, ал фильм тартуу үчүн 2014-жылдын 30-июнунда Кыргызстанга келген. Марта Месарош менен жолугушуу Кино үйүндө өткөрүлүп, анын "Апамдын Сталинге жазган каты" аттуу даректүү тасмасы көрсөтүлгөн. 

Марта Месарошко атактуулукту анын "Балдарым үчүн күндөлүк", "Сүйүктүүлөрүм үчүн күндөлүк" жана "Ата-энем үчүн күндөлүк" аттуу тасмалары алып келген. Ал европалык жана орусиялык актёрлор менен иштешип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан