Август айынын башында Бакуда Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Израиль, Молдова, Азербайжандын ортосунда маданият кызматташтыгын өнүктүрүүү боюнча эл аралык форум өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фонду билдирет.
Форумда кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовго арналып, азербайжан тилине которулган казак жазуучусу Мухтар Шахановдун «Анык формула жана Эверест сүйүүсүнүн чокусуна чыгуу» аттуу китебинин бет ачары болот жана «Чыңгыз Айтматов – цивилизациянын диалогу» аттуу фильм көрсөтүлөт.
Форумга Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Израиль жана Молдованын белгилүү инсандары катышат.