Бишкекте “Ак илбирстин изи менен” аттуу фотокөргөзмө ачылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 10-июлда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде экологиялык акциянын алкагында “Ак илбирстин изи менен” аттуу фотокөргөзмө ачылды.

Көргөзмөгө Кыргызстандын аймагында 2014-жылы кышында ак илбирстин жашаган жерин изилдөөгө алган эки экспедицияда Фотожурналисттер союзунун мүчөлөрү тарткан 100дөн ашуун эмгек коюлду.

Иш-чаранын максаты - ак илбирсти коргоого коомчулуктун көңүлүн буруу жана жаратылышка аяр мамиле жасоо сезимин ойготуу.

“Бул эң ыйык деп эсептелген ак илбирстердин көргөзмөсүнө абдан кызыктуу сүрөттөр илиниптир. Негизи эле элибизди, жерибизди, табиятыбыздагы жаныбарларды коргоо - ар бир жарандын милдети. Аларды көздүн карегиндей сактоо тууралуу келген көрүүчүлөр көргөзмөдөн таасир алып жатышат деп ойлойм”,- дейт көргөзмөнүн катышуучусу Элчибек Андаев.

“Бул жапайы жаныбар фотого тартылганды жаман көрөт. Ал камерадан жүзүн буруп, көбүнчө качып кетет. Өзүн абдан сак алып жүргөн жаныбар. Адамзаттын ак илбирстин изине түшкөн убагынан бери бир да жолу алар кишиге кол салган эмес. Тактап айтканда, жапайы жаратылышта анын душманы адам болуп калат. Илбирсти сылап көргөн адам аны жакшы көрүп калат”,- дейт фотограф Влад Ушаков.

Бул экологиялык акциянын жүрүшүндө балдардын республикалык сүрөттөр сынагынын көргөзмөсү илинип, алардын жеңүүчүлөрү аныкталды. Ошондой эле интерактивдүү зона уюштурулуп, ал жерде балдардын бетине ак илбирстин жүзү тартылды. Андан соң Төлөмүш Океевдин бул жылы 30 жыл толгон “Ак илбирстин тукуму” аттуу фильми тартууланды.

Мындан тышкары белгилүү сүрөтчү Руслан Валитовдун экологиялык темага арналган автордук иллюстрациялары жана карикатуралары көрсөтүлдү.

Маалымат үчүн айта кетсек, көргөзмө Бишкекте 20-июлга чейин уланат. Уюштуруучулардын айтымында, бул көргөзмө Кыргызстандын башка аймактарына да тартууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
insap
2014-07-10 19:33:35
Bul kadimki ele jolbors go? je jolbors menen ilbirs bir ele janybarby?
0
shiroker
2014-07-11 01:25:02
menin tushunugum menen jolbors kurgaktykta ii ilbirs -too-taw,suuk bolgon jerde jawait.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан