Чүй облусунда Орто Азиянын түндүгүндө эң чоң деп саналган Будда статуясын казуу иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн,10-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, статуя жакынкы аралыкта Мамлекеттик тарых музейине алынып келинет.
Чүй өрөөнүндөгү археологиялык объектилердин абалы менен таанышууга барган вице-премьер-министр Эльвира Сариева: "Орусиядагы Эрмитажда иштеген биздин мекендешибиз Асан Торгоев Кыргызстандагы казуу иштерин бүтүрүүгө жардам берип жатат. Статуяны Бишкекке алып барып, толук кандуу реставрациядан өткөргөндөн кийин бүгүнкү Кыргызстандын мууну Чүй облусундагы шаарларды көрүүгө келе баштаарына жана мамлекеттеги тарыхый объектилердин өнүгүшүнө салым кошоруна ишенем",- деди.