Орусиялык телеалпаруучу Александр Гордон 20 жаштагы тажик кызына үйлөндү

50 жаштагы орусиялык белгилүү телеалпаруучу Александр Гордон төртүнчү жолу үйлөнгөнүн чет элдик басылмалар бүгүн, 11-июлда жазып чыгышты. Анын бул жолку жубайы белгилүү тажик режиссёру Валерий Ахадовдун небереси, азыркы тапта Бүткүл орусиялык мамлекеттик кинематография институтунда билим алып жаткан 20 жаштагы Ноза Абдулвасиева болду.

Маалым болгондой, Александр Ноза менен тасма аянтында таанышкан. Ал жерде Гордон актёр катары иштеп жаткан, ал эми анын жаңы жубайы тартуу аянтчасында репортаж жасап жүргөн. 

“Ноза абдан таланттуу жана акылдуу кыз, ошондуктан биригип калдык. Сүйүү жашка карбайт. Мурда деле ушундай болчу”,- дейт Александр Гордон.

Нозанын чоң атасы Валерий Ахадов: "Азыр жаңы үйлөнгөндөр бал айында. Мен неберем үчүн абдан кубанычтамын. Жаш курагына карабай алар бири-бирин толуктап турушат. Июль айынын аягында эки жактын жакын досторуна үйлөнүү той өткөрүүнү пландап жатабыз. Бул орус-тажик аралашкан той Москвадагы тойканалардын биринде болот. Бизде ар тарапта жашаган достор көп, аларды бириктирели деп турабыз",- деп билдирген. 

Александр Гордондун мурунку эки жубайы да 18-20 жаш курактагы кыздар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
DNurgiza
2014-07-11 15:57:00
Александр, ОРТ теле каналында "они и мы" передачасын алып барабы?...ммм айырмасы 30жаш экен да.....
+2
zema
2014-07-11 16:14:13
мына сага..экинчи аялы сулуу экен эле..
+1
gulperi.kg
2014-07-11 16:34:18
Байкуш кыздар
0
bayana1987
2014-07-11 17:08:35
бизде деле жок эмес го тан калбайм....
+7
danok88
2014-07-11 17:24:10
кыргыздар тийбей калды го башкалар тийе берсин
+4
Ayday2
2014-07-11 19:31:44
Баарына акыл үйрөтүп, философ болгон Гордон кадимки эле жаш кыздардын тизесин жылытып, моралдык туруктуулукка чыйт түкүргөн нака эркектана сөрөй экен.Азиаттардан бетер жан кумардын жан жазасын алар күн алыс эмес.Бешинчи аялдын тагдырына балта чапкан "злой генийге" айланды
+3
Odik11
2014-07-12 00:35:39
Копуро салсан талдан сал, баскан сайын ийилсин, аял алсан жаштан ал, ........ суйунсун болуптур го...
+2
nora00
2014-07-12 10:29:47
бабникго болгондода жаштарын тандайткен
+3
koke
2014-07-12 10:32:49
Аябай жаш булардын ортосунда эч кандай суйуу жок
+2
kamarik
2014-07-12 13:05:24
2 жыл айдап анан кутулат мындан дагы ...переходкадан
+1
bazar
2014-07-12 13:26:58
Төртүнчү катын алып жатыптыр, накта мұсылман болуптур, эми...
0
aliaman
2014-07-12 18:53:55
bazar, торт катын алса эле мусулман болуп калат бекен.
+2
elish87
2014-07-12 20:43:26
Тажиктин ордуна кыргвз болгондо барбыыыыы..........
-1
tim26
2014-07-13 03:05:28
бул капатасина караганда дагы коп уйлонот жаш кыздарга
0
Almazbek79
2014-07-14 07:26:52
Бул ЕВРЕЙ
0
KERI_0000
2014-07-16 16:22:07
Валерий Ахадов биз да кубанычтабыз!Неберендин тоюу учун...
0
abdymuhtar
2014-07-21 05:03:35
мына сага кылым ушундай да болот экен эээ, бул кебетесинде дагы бир канча жолу уйлоно турган киши го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан