Түркиядагы 17 жаштагы кыз дүйнөдөгү эң узун өспүрүм катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди

Түркияда 17 жаштагы Румейса Гелги азыркы тапта жашап жаткан дүйнөдөгү эң узун өспүрүм катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 14-июлда жазып чыгышты. Маалым болгондой, бою 2 метр 14 сантиметрди түзгөн Румейса Гелгиге өзүнүн Сафранболу шаарында "Гиннесстин рекорддор китебинин" сыйлыгы тапшырылды.
Белгилей кетсек, өспүрүм кыз 11-класста окуп, ата-энеси, бир туугандары менен жашайт. Ал Уивер синдромуна (бойдун ылдам өсүшүнө алып келген сейрек кездешчү генетикалык оору) кабылганына байланыштуу бою тез өскөн. Румейса 47-өлчөмдөгү бут кийим кийгендиктен, ал үчүн бут кийимдер Америкада буйрутма менен тиктирилет. Ага гиганттуулугу нормалдуу жашаганга тоскоолдуктарды жаратат, мындан улам атайын жасалган майыптардын коляскасында жана басууга жардам берүүчү таяныч менен жүрөт.
Анын билдирүүсүнө караганда, эми айланадагы шылдыңдоолор анын көңүлүн чөктүрбөйт. Айтымында, алар ийгиликсиз болгондуктан күлүшөт. Сырткы келбетинин жакшы гана жактарын көрүүгө аракет кылган кызга баарынан өзгөчө болуп турганы жагат.
Кошумчалай кетсек, дарыгерлердин айтымында, Румейсанын бою мындан ары өспөйт, ошондуктан ал азыркы тапта жашап жаткан 2 метр 51 сантиметрлик бою менен башкы рекордду багынткан Султан Косенди ашып түшө албайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
nargiz_96
2014-07-14 17:35:44
биздеги женишбекке тийсе алатта
-7
ulan.zhoroev
2014-07-14 20:29:49
nargiz_96, ха ха ха боорду эздинго
-6
Jadyrashka
2014-07-14 21:39:39
Байкуш кыз, Аллахым ахыретте сыйласын,бул жактан корбогонун ошол жактан берсин.
+11
Adema
2014-07-15 02:01:13
Эмне деген заманда жашап жатабыз? 4 адамдын 3су жазган комментарийлерди окуп, жаман болдум. Айткылачы, кимдин колунда экен, кебетесин , тагдырын озу жасап алган? Силер кимсинер дегин келет.Бул турк кызы эмес, толтура сулуулар журот, багы ачылбай.
+11
Alai.kyzy
2014-07-15 22:57:56
Adema, туптуура жазыпсыз! Баракелде!
+3
nurkojo
2014-07-16 23:01:25
Adema, Сизди колдойм... Сулуулар журот Сулуулугун жоготуп алып, ыштаны кир болуп....
+2
DBA.Patriot
2015-03-15 14:51:24
Adema, толугу менен кошулам, биздин жаштардын, келечегибиздин айткандарын, жазгандарын жана ойлогондорун коруп, келечегибиздин канчалык карангы экенин тушунуп кайгырбай коё албайсын. Кудайым акыл-эс берсин
0
jasi
2014-07-15 09:03:21
Байкуш кыз, Жаратканга шугур кылышыбыз керек ар бирибиз,алты саныны аман бергени учун.Салмагы канча болду экен
+1
I_LOVE_MY_KYRGYZSTAN_KG
2014-07-15 09:57:16
Adema tuura
0
jibek.shami
2014-07-15 11:02:49
тообо кылдым потологумду краскалатсам окшойт !!!
-7
Kalin466
2014-07-15 14:30:36
Уят,уят. Бул жерде орулуу адам жонундо соз болуп жатса ха ха деп мазактаганынар,тарбия денгээлинердин плинтустан томон экенин далилдинер. Не дейбиз,орусча айтканда,Бог вам судья.
+8
LEDI7MERI
2014-07-15 15:37:00
Сынчынын сынар отугу майрык дегендей, шылдындап кулгондор кичине ойлонуп коргуло да. Силер эмес ,силердин небере чобуронор ушундай илдетке чалдыгып калса эмне болосунар. Ошондуктан таба дебей тобо деп журолу.
+2
salfego
2014-07-15 16:41:55
maga bul adamga okwop korunbodu! Robot go
-4
akzuura
2014-07-15 17:00:26
Аны ОЗУ ошентпейтда !булда,кудайдын буйругу сыноо баарыбызга келет кимдир бироого шылдындаса келме кезек озудо.
+2
ayakosya
2014-07-15 20:42:13
Ужас
-4
Sharos
2014-07-16 01:35:10
кулбогуло да бул оору, кудай сактасын деш керек
+1
tagokg
2014-07-16 10:54:11
Бул Аллахтын жаратканы, кызды шылдындоо Аллахты шылдындоого барабар, Аллахым баарыбызга торт мучобузду туголдоп бергенине мин мертебе шугур кылалы достор.
+1
april
2014-07-18 11:34:59
озундун келечегинди билбей туруп, бироонун өтмүшүн сүйлөбө, дешет беле
0
femida86
2014-07-24 19:32:52
Жогоруда шылдын кылгандар ~ карангылар!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан