14-18-июлда Ереванда “Алтын өрүк” Эл аралык кинофестивалынын алкагында евразиялык даректүү тасмалардын форуму өткөрүлөт. Ага тандалып алынган режиссёрлордун 18 долбоору катышат. Бул тууралуу КРнын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Белгилүү болгондой, форумга 2 кыргызстандык режиссёр: Наргиза Маматкулова “Апа” тасмасы жана Адилет Каржоев “Кошуналар” картинасы менен катышат.
Бул форум евразиялык жана европалык адистерди бириктирип, жаңы долбоорлорду ачууга жардам берет.