15инен 16-июлга караган түнү Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде ырчы Дайыр Исмадияров туулган күнүн белгиледи. 28 жашка толуп жаткан ырчыны куттуктап кесиптештери Сайра Момунбаева, Аваз Акимов, Нурмат Садыров, Гүлнур Асанова, режиссёр Сүйүн Откеев, укук коргоочу Жоомарт Жолдошев, жаш активист Мирсулжан Намазалиев, ди-джей Акыл Ирсалиев жана башкалар келишти.
Дайырга ак тилектер айтылып, коноктор “Мафия” оюнун ойноп, көңүлдүү отурушту.
“Көпчүлүк туулган күндү майрам деп эсептешпейт. Ал эми мен үчүн болсо майрам. Биринчиден, апамдын да туулган күнү, ошондуктан апамды куттуктайм. Жакын досторум менен туулган күндү белгилөөнү адатка айландырып, быйыл да өткөзүп жатам. Бул туулган күндө бийлеп, ырдабайбыз, чыныгы профессионалдуу "Мафия" оюнун ойнойбуз. Конокко мурда бул оюнду чогуу ойноп жүргөн жакындарым чакырылды. Мага белектер бир ай мурун алыскы мамлекеттерден келген. Айтсам, кичинекей пианино, кийим, ар түрдүү оюнчуктар. Азыр болсо көп деле белек күткөн жокмун. Бул күн ар биринин эсинде калса, ошол мага чоң белек болот”,- дейт Дайыр Исмадияров.
“Дайырды туулган күнү менен куттуктайм. Чыгармачылыкта өз ордун тапты, ошондуктан жакшы кызга үйлөнүп, жеке жашоосунда өз ордун тапса дейм. Дайыма шайыр жүрөт, ушунусунан жазбасын”,- деп куттуктайт Гүлнур Асанова.