"Style Mix" триосу Латвиянын Юрмала шаарында өтө турган "Жаңы толкун" сынагына Кыргызстандын намысын коргоо үчүн сапар алышты. 22-июлда аталган топ катыша турган сынактын салтанаттуу ачылыш аземи болот. Бул тууралуу топтун продюсери Миргүл Эсеналиева бүгүн, 16-июлда SUPER.KG порталына билдирди.
Белгилүү болгондой, азыркы тапта трионун мүчөлөрү сынакка даярдык көрүп жатышат. Алар менен бул сынакта аталган топтун музыкалык продюсери болгон ырчы Омар кошо барган.
Эске салсак, апрель айында Юрмала шаарында “Жаңы толкун” сынагынын тандоо турунан "Style Mix" триосу өтүп, бул эл аралык сынакка катышууга жолдомо алышкан.
“Жаңы толкун” сынагы 22-27-июлга чейин Юрмаланын «Дзинтари» аттуу концерттик залында өткөрүлөт.
Ага Кыргызстан, Орусия, Украина, Армения, Литва, Казакстан, Италия, Грузия, Германия жана Латвия мамлекеттеринин жаш аткаруучулары ат салышат.
Концерттик программа:
22-июль, 21:00 – Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи.
23-июль, 23:50 – Сынактын биринчи күнү. Дүйнөлүк хит ырларын аткарышат.
24-июль, 23:50 – Сынактын экинчи күнү. Өз өлкөсүнүн хит ырларын аткарышат.
25-июль, 22:50 – Алла Пугачёванын чыгармачылык кечеси.
26-июль, 23:20 – Сынактын үчүнчү күнү. Жаңы чыгарылган ырларды аткарышат.
27-июль, 22:50 – Фестивалдын жабылышы. Гала-концерт коюлуп, жеңүүчүлөр сыйланат.