Бишкекте Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгына арналган китеп көргөзмө ачылды

Бишкектеги Улуттук китепканада Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдык мааракесине арналган китеп көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда аталган китепкананын басма сөз кызматы билдирди.

Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек кыштагында туулган. Биринчи жолу 1960-жылы 16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмага тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы Көркөм драмалык институтунун драма жана кино актёру факультетине тапшырган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын труппасына кирген.

Театрда дүйнөлүк жана советтик классикасынан У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан: Жульетта ("Ромео жана Жульетта"), Амелия ("Бернарда Альбанын үйү"), Фелисьяна ("Бий мугалими"), Асел ("Делбирим"), Анвар ("Фудзиямадагы кадыр түн") жана башкалар. Ошону менен бирге кинодо да жаркын элестерди жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан