21-22-июлда Бишкектеги соода түйүндөрүнүн биринде япондордун икебана искусствосу боюнча “Гүлдөгөн Кыргызстан” аттуу көргөзмө өткөрүлөт. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондунун басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чара “Мекендештер-2014” форумунун алкагында өткөрүлөт. Анда Орусияда икебана искусствосу боюнча сабак берген Чынара Мундузбаева мастер-класс көрсөтүп, анын жана окуучуларынын эмгектери тартууланат.
Икебана – гүлдөрдү кооздоо боюнча япондордун салттык искусствосу. Анда кесилип алынган гүлдөрдөн композиция жаратып, интерьерге орнотушат. Икебананын түпкүрүндө жөнөкөй көркөмдүктү, табигый сулуулукту ачып берүү камтылган.