Бүгүн Ысык-Көл облусундагы атайын коллегиянын жүрүшүндө негизги 4 маселе каралмакчы

Ысык-Көл облусунун 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана экинчи жарым жылдыгына карата милдеттери тууралуу облустук коллегия өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы бүгүн, 18-июлда кабарлады.

Маалыматка ылайык, коллегияга өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларынын мэрлери, алардын орун басарлары, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйындарынын жана шаардык кеңештердин  төрагалары, айылдык аймактардын башчылары, райондук, шаардык ишкана-мекемелердин жетекчилери, токой, коммуналдык чарба, экология, энергетика, укук коргоо органдарынын, ошондой эле облустук, регионалдык башкармалыктардын, эс алуу жайларынын жетекчилери, коомдук уюмдардын жана массалык маалымат каражат өкүлдөрү катышууда. Анда 4 маселе каралууда: 
* Ысык-Көл облусунун 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн  жыйынтыктары; 
* 2014-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттер;
* 2014-жылкы жайкы туристтик мезгилге даярдык көрүү боюнча облустук комиссиясынын маалыматы, облустун аймагында калктуу конуштарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча “Ысык-Көлүм - ыйык мурасым” аттуу үч айлыктын жыйынтыгы; 
* 2014-2015-жылдардын күзгү-кышкы мезгилге болгон даярдыктарынын жүрүшү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан