2014-жылы Сауд Арабияга ажылык сапарына баруучулардын биринчи тобу 8-сентябрда жөнөп кетишет. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда SUPER.KG порталына КРнын Муфтиятынын ажылык жана умра боюнча бөлүмүнүн башчысы Мухаммед Аноркулов билдирди.
Анын айтымында, ажылык сапар 6-октябрда аяктайт. “Сауд Арабиядан кайтуу 11-20-октябрь күндөрүнө туураланган. Ажылык сапарга баруучулар жакынкы күндөрү эмдөөдөн өтүшөт. Жалпысынан 75 ажы башчы тандалган”,- деди ал.
Айта кетсек, 2014-жылдын ажылык сапарына Кыргызстанга 3685 квота бөлүнгөн. Төрт мамлекеттик мекеменин (УКМК, Транспорт министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Дин боюнча мамлекеттик комитет) кызматкерлерине бирден акысыз квота берилген. Мындан тышкары муфтияттын штабдарынын өкүлдөрүнө 125 квота бөлүнгөн. Алардын арасында 6 дарыгер жана 4 ашпозчу бар.