Бүгүн, 18-июлда түшкө жакын Нарын шаарынын борбордук аянтында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 4-5 жаран митинг уюштурду. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Барктабас Белеков SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, алар мындай митингдерди көп эле уюштуруп келишет. “Буга чейин алар өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповго кайрылып, үй берүү маселесин айтышкан. А.Кайыпов бул маселени өкмөткө билдиребиз деген. Өкүлчүлүк өкмөткө кайрылган, азыр каралып жатат. Негизи, аларга үй берүү үчүн бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес. Митингге чыккандар туура эмес түшүнүп алышыптыр”,- деп билдирди Б.Белеков. Митингчилер түшкө чейин турушканын, аларга өкүлчүлүктөн эч ким чыгып жолукпаганын жана нааразы болгон тарап тынч тарап кеткенин кошумчалады Б.Белеков.
Кошумчалай кетсек, нааразычылык акциясына чыккандар Аманбай Кайыповдун кызматынан кетүүсүн талап кылып, “мурун бул кызматта иштеген Канатбек Муратбеков кайра келсин” деген маанайдагы жазуулары бар кагаздарды кармап алышкан.