Бүгүн, 18-июлда Бишкектеги Улуттук китепканада жазуучу Эрнест Хемингуэйдин 150 жылдыгына арналган календарлык көргөзмө ачылды. Бул тууралуу аталган китепкананын басма сөз кызматы билдирди.
Көргөзмөгө Эрнест Хемингуэйдин 4 томдук чыгармасынын жыйнактары, анын жашоосуна жана чыгармачылыгына арналып жазылган басылмалар жана башкалар коюлду.
Эрнест Хемингуэй 1899-жылы 21-июлда Чикагонун Оук-Парк деген чакан шаарчасында туулган. Мектепте окуп жүргөндө эле ал мектептин журналында кызмат өтөй баштайт. 1917-жылы окуусун бүткөндөн кийин Казан-Сити шаарына келип, “Стар” деген гезитте репортёр болуп иштейт. Ушул гезиттин беттеринде Хемингуэйдин журналисттик ишмердиги башталат. Ушул учурда ал көркөм чыгармаларды көп окуйт, жазуучулук ишке баш-оту менен берилип, биротоло ошол кесипке багыт алат.
Ал “Күн да чыгат”, “Кош түбөлүк, куралым”, “Бар туруп жок”, “Коңгуроо кимдин жаназасына кагылууда?” деген романдардын жана “Жер жана деңиз” повестинин автору. Ал 1961-жылы дүйнө салган.