Бишкекте Улуттук гвардиянын күнүнө карата иш-чара болуп өттү

Бишкекте бүгүн, 19-июлда Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Мекемеден билдиришкендей, иш-чарага КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев, вице-спикер Төрөбай Зулпукаров, Чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин, Аскердик прокуратуранын өкүлдөрү катышты. Атайын концерт тартууланып, аягында мыкты кызматкерлерге сыйлыктар берилди. 
Айта кетсек, Улуттук гвардия 1991-жылдын 3-декабрында түзүлгөн. 1992-жылдын 20-июлунда гвардияга алгачкы аскердик чакыруу болуп, анда 300 жоокер ант берген. Бул күн Улуттук гвардиянын күнү деп жарыяланган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан