8-июлда вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашев өлкөгө Азербейжандан 512 тонна кумшекердин биринчи партиясы келгенин, аймактарда 44,8 сомдон сатыларын айткан эле. Бирок өкмөт айткан баалар реалдуулукка айлана элек. Мындай маалымат 20-июлда Ош шаарындагы борбордук базарда сурамжылоо жүргүзгөн маалда белгилүү болду.
Анда Разия Ботобекова аттуу аял өткөн жумада базарда 53 сомдон турган кумшекерди соодалашып 50 сомдон алганын айтат. "Балким, өкмөт чындап эле кумшекерди арзан баада сатуучуларга сатып жаткандыр. Өткөн жумада 53 сомдон сатылып турган кумшекерди баалашып жатып 50 сомдон алдым. Эгерде арзан келбесе, мага 3 сом түшүп бербесе керек",- деди ал.
Ал эми сатуучулардын бири өкмөт кумшекердин арзандаарын айтканы менен, иш жүзүнө ашыра электигин билдирди. "Мен өзүм кумшекердин бир мүшөгүн 2450 сомдон алам. Аны килограммга айлантканда 49 сомдон түшөт. Бирок анын өзүнө жараша чыгымы бар, отурган орунуңа, алып келип берген арабакечке төлөйсүң, анан да пайда көрөйүн дейсиң. Учурда кумшекерди 55 сомдон, көп алчусуна 54 сомдон сатып жатам. Ал эми өкмөт айткан 44 сом азырынча сөз бойдон калууда",- дейт сатуучу Айнура Чолпонбаева.